Кыргызстандагы «Кылым шамы» укук коргоо уюму бийликти коронавирус пандемиясына байланыштуу жогорку окуу жайларынын студенттерине окуу акысын төлөөдө жеңилдик берүүгө чакырды.
Уюмдун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова окуу акысын төлөй албай жаткан ондогон студенттер мамлекеттик колдоого муктаж болуп жатканын «Азаттыкка» билдирди.
Ал жогорку окуу жайлары пандемияда дээрлик бир жылдан бери онлайн режимде иштеп жаткандыктан, келишимдик негизде билим алгандарга, айрыкча акыны төлөөгө мүмкүнчүлүгү жокторго жеңилдик берилиши керек деп эсептейт.
«Окуу акысы 50% болбосо да жок дегенде 5-10% азайтылса болмок. Студенттердин талабы жүйөлүү. Алар жеңилдикти талап кылууга укуктуу. Бизге он чакты балдар-кыздар кайрылды. Алардын баары мамлекеттик жогорку окуу жайларынын студенттери. Окуу жайларындагы студенттик кеңештердин мүчөлөрү. Мамлекеттик окуу жайларында билим алып жаткан бардык студенттердин атынан кайрылып жатышат. Пандемиядан улам окуу акысын төлөй албагандар, ата-энеси сыртта иштеп жүргөндөр көп. Көптөгөн студенттер каникул учурунда иштей албай калышты».
Гүлшайыр Абдирасулова студенттерге Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан эч кандай жардам берилбей, мугалимдер кайра аларды коркутуп жатканын кошумчалады. Аталган мекеме бул маалыматтарга комментарий бере элек.
Кыргызстандык студенттер буга чейин окуу акысынын жарымын жоюуну талап кылышкан.
Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев мындай талаптарга «окуу акысын арзандатуу мүмкүн эмес» деп жооп кайтарган.
Кыргызстанда жалпысынан 68 жогорку окуу жайы (35 жеке менчик, 33 мамлекеттик) бар.
Анда жалпысынан 220 миңден ашык студент билим алат. 2020-жылдын башынан тартып бардык студенттер аралыктан окуп келе жатат. (NT)
Дагы караңыз
Президент Байден алгачкы жолу Путин жана Столтенберг менен телефондон сүйлөштүСенаттагы республикачылардын көпчүлүгү Трампка импичмент жарыялоого каршы чыктыКыргыз эл акыны Рамис Рыскулов дүйнөдөн кайттыУкраинада крым татарча китеп латын арибинде жарык көрдү