Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кармады.
Бул тууралуу кабарды «Азаттыктын» ишенимдүү булактары ырасташты. Маалыматка караганда, Абылгазиев 26-январда УКМКга суракка чакырылып, андан соң кармалган. Экс-премьерге карата Жазык кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча айып коюлууда.
Айрым маалыматтарга ылайык Абылгазиевге карата Кумтөр кенин иштетүү боюнча соңку келишимдерге байланыштуу иш козголушу мүмкүн. Атайын кызмат мурдагы өкмөт башчынын кармалышы тууралуу комментарий бере элек.
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары мурдагы өкмөт башчы УКМКда мыйзамсыз баюу фактысына байланыштуу сурак берип жатканын күч органдарындагы булактарга таянып жазып чыгышкан.
53 жаштагы Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-2020-жылдары кыргыз өкмөтүн башкарган. Былтыр коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда кызматтан кеткен.
Дагы караңыз Мурдагы өкмөт башчыны айланган сур булутБуга чейин Абылгазиев пандемияда гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) сурак берип чыккан.
Дагы караңыз
Германияда тажик жараны жети жылга кесилдиАКШ Сенаты Энтони Блинкендин мамкатчылык кызматка талапкерлигин карайтЖогорку сотто Аида Салянованын лицензия боюнча иши каралатЖаңы Баш мыйзамдагы өзгөрүүлөр Чаткалдагы кендерге көзөмөл күчөтүлдүМурдагы өкмөт башчыны айланган сур булут Өкмөт башчыны алмаштырууга себеп болгон жагдайлар