Жол тейлөө кызматынын жумушчулары Транспорт жана жол министрлигинин имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар айлык маянасын толук жана убагында ала албай жатканын айтууда. Нааразылык билдирип чыккандардын бири Каракол шаарындагы №35 жол тейлөө кызматындагы жолчу Калыбек Өмүрбеков мындай деди:
«Талабыбыз - айлык акыбызды убагында ала албай жатабыз. Анан айлыкты толук бербей пайыз менен бөлүп берип жатып канча сом, кайсы айдыкын алганыбызды билбей калдык. Толук бербей жатышат. Бул маселе өлкө боюнча ушундай».
Жолчунун айтымында, министрликке 100дөй жумушчу келген. Аларга Транспорт жана жол министрлигинин өкүлү жолугуп, жакын арада маселени чечип берүүгө убада берди.
Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы канча жумушчу айлык ала албай жатканы жөнүндө толук маалыматты кийинчерээк берерин билдирди. Министрликке караштуу Жол тейлөө кызматы аймактардагы ички жана эл аралык жолдорду тазалоо, оңдоо иштерин жүргүзөт. (TSh)
Дагы караңыз
УКМК: «Кыргыз темир жолунун» мурунку бөлүм башчысы 11 млн. сом чыгымды төлөдүАспеков менен кошо камалган Жураев үй камагына чыктыТимур Файзиев «Элит Хаус» боюнча билдирүү таратты