2020-жылы жол эрежесин бузуунун жарым миллиондон ашык фактысы катталды

Бишкектеги көчөлөрдүн бири.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда 2020-жылы жалпысынан жол эрежеси бузулган 510 897 факт катталды. Алардын ичинен 8 679 адам мас абалында машине айдап жүрүп кармалган. Убактылуу токтотмого 39 331 машине коюлду.

2020-жылдын 12 айында республиканын аймагында 6 126 жол-транспорт кырсыгы катталып, 2019-жылга салыштырмалуу 8% азайган.

Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2020-жылы жол кырсыктарынын кесепетинен каза болгондор 0,7% жана жаракат алгандар 10,5% азайган.

Быйыл январь айынын башынан бери катталган жол кырсыктарында ондогон адамдар набыт болуп, жаракат алышты. (BCh)

Дагы караңыз

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу УКМКдан жардам сурадыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиУКМК: «Кыргыз темир жолунун» мурунку бөлүм башчысы 11 млн. сом чыгымды төлөдүКоронавирус 97 адамга жугуп, бирөө каза болдуНоябрда «Орто-Сай» базарын өрттөдү деп шек саналган адам кармалды