Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) FRIMA маркасындагы жасалма кургак сүт өндүргөн кылмыштуу топту кармады. Аталган кызмат жашыруун цехти детектив агенттеринин жардамы менен тапкан. Цех кургак сүттү санитардык нормаларга туура келбеген шартта жасап келген.
Бул факт Жазык кодексинин 218-беренеси («Товарларды же кызматтарды мыйзамсыз жасоо») менен катталды.
Бул жасалма курак сүт Кыргызстандын бардык аймактарына тараганы азыркы тапта иликтенүүдө. (BCh)
Дагы караңыз
Ноябрда «Орто-Сай» базарын өрттөдү деп шек саналган адам кармалдыАспеков менен кошо камалган Жураев үй камагына чыктыТимур Файзиев «Элит Хаус» боюнча билдирүү тараттыМуфтий шайлоодон чыккан интрига