«Гуров жана өнөктөштөр - Борбор Азия» агенттиги «RuPoR» сыйлыгын алды

Лауреаттар 23-январда Орусиянын Воронеж шаарында сыйланды.

Кыргызстандагы «Гуров жана өнөктөштөр - Борбор Азия» PR агенттиги «Санариптик байланыш» багытында «RuPoR» сыйлыгынын баш байгесин утуп алды. Ошондой эле компания «Байланыш жаатындагы билим берүү долбоорлору» номинациясы боюнча үчүнчү орунга татыктуу болду.

Лауреаттар 23-январда Орусиянын Воронеж шаарында сыйланды.

Сыйлык жыл сайын мамлекеттик жана коомдук ишмерлерге, командаларга, коомчулук менен байланышты өнүктүрүү жаатындагы адистерге ачык сынактын жыйынтыгы боюнча берилип келет.

Жалпысынан 2020-жылы сыйлыкка 80 долбоор жиберилген. Финалга 52 долбоор чыккан.

«Гуров жана өнөктөштөр - Борбор Азия» PR агенттигинин башкы директору Кайрат Телеушевдун айтымында, уюм Орусиянын, Батыш Европанын жана АКШнын тажрыйбасын колдонуп иштейт.

Дагы караңыз

Пандемияда байыган миллиардерлер жана жакырчылыкКыргызстанга учкандар коронавируска тест тапшыратКазакстанда бейөкмөт уюмдарга кысым күчөдүКоронавирустун жаңы түрлөрү кооптондуруудаАла-Тоонун мекенчил ырчысы жардамга муктаж