Кыргызстанда мурдагы вице-премьер-министрлер Аида Исмаилова жана Алтынай Өмүрбекова 26-январда суракка чакырылды.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдиргендей, Исмаилова 09:30га, Өмүрбекова 15:00гө Финполго чакырылган.
Маалыматты Алтынай Өмүрбекова да "Азаттыкка" ырастап, чакыруу коронавирус илдетине өкмөттүн даярдыгынын чабалдыгы боюнча ишке байланыштуу экенин айтты.
Финполиция 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон.
Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынган, азыр үй камагында. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күбө катары суралып, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.
Буга чейин мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов да сурак берип чыккан. (NT)
Дагы караңыз
Абдил Сегизбаев «Белизгейтке» байланыштуу камалдыНавальныйдын тарапташтары акциялар 31-январда өтөрүн жарыялаштыЛондон менен Бээжин уйгурлар үчүн кайым айтыштыКытай лагеринде кыргыз-казак тарткан кыйнооКазакстанда шинжаңдык качкындар сабалды