Нидерланддарда коронавируска байланыштуу чектөөгө каршы акцияда тополоң чыкты

Акциянын катышуучулары.

Нидерланддардагы эки шаарда коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы акцияларда башамаландык болду. 24-январда өлкөнүн түштүгүндөгү Эйндховен шаарында жүздөгөн кишилер көчөгө чыгып, полиция менен кагылышты. Коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызчу газ колдонуп, суу бүркүп демонстранттарды таратууга аракет кылышты. Акциянын катышуучулары болсо полицияны көздөй таш ыргытышты. Ондогон кишилер кармалды. Өлкөнүн борбору Амстердамда да нааразылык акциялары өтүп, 100дөн ашык адам кармалды. Башаламандык өлкө бийлиги коронавируска каршы катаал чектөөлөрдү киргизгендин эртеси болду. Вирустун мутацияланган түрүнүн тарашынан чочулаган Нидерланддардын бийлиги өлкөдө 21.00дөн 4.30га чейин коменданттык саат киргизген.

Францияда Европа Биримдигиндеги коңшу өлкөлөрдөн учак жана деңиз аркылуу келгендер коронавирус жугузбаганын тастыктаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Ал эми Швециянын бийлиги коронавирустун жаңы штаммы катталган Норвегия менен чек араны убактылуу жабарын жарыялады.

Европада коронавируска байланыштуу чочулоо анын мутацияланган түрү мурдагыга караганда адам өмүрүнө коркунучтуу болушу мүмкүн экенин эскерткен билдирүүдөн соң күчөдү. Бул тууралуу өткөн жуманын аягында алгачкы жолу жаңы штамм катталган Британиянын бийлиги билдирген.

Мексикада болсо өлкөнүн президенти Мануэл Лопес Обрадор коронавирус жугузуп алганы белгилүү болду.