ИИМ: Мончодогу зомбулук Кыргызстанда болгон эмес

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мончодо зордукталган балага байланыштуу окуя эки-үч жыл мурун Кыргызстандан сыртта болгонун, кылмышка шектүү адам изделип жатканын маалымдады.

Министрликтин басма сөз кызматы 24-январдагы билдирүүсүндө чагымга алдырбоого жана такталбаган маалыматты таратпоого чакырды.

23-январда Интернетте мончодо белгисиз эркек болжол менен өспүрүм баланы күчкө салып зордуктап жатканы тартылган видео тараган. Анда зордукчулга жабырлануучунун күчү жетпей, кыргыз тилинде жаман жорукту токтотушун айтып, жалдыраганы тартылып калган. Милиция тасманын чоо-жайын ошол эле күнү иликтөөгө киришкенин жарыялаган.

Дагы караңыз

Коронавирус табылган мектептер онлайн режимде окууга өткөрүлөтИзраил БАЭде өз элчилигин ачтыДейзи Синделар «Эркин Европа/Азаттык радиосу» компаниясынын президентинин милдетин аткарып калдыИлон Маск быйыл төгөрөктүн төрт бурчуна Интернет жеткирмекчиОрус бийлиги АКШны ички ишине кийлигишип жатат деп айыптадыКытайда коронавирусту жайылтпоо үчүн жаңы чаралар көрүлүүдөАКШ "Талибан" менен келишимдин аткарылышын кароону көздөйтОрусияда митингдерде миңдеген адамдар кармалды