Баткен: Эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан аялдын сөөгү табылды

Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова үйүнөн 2020-жылдын 23-ноябрында кечинде чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Бир айга жакын уланган издөө иштерине милициядан, куткаруучулардан жана айылдаштарынан 200дөн ашык адам тартылган.

Бүгүн, 24-январда анын сөөгү өзү жашаган короого жакын жерден, жапайы бадалдардын арасынан табылганын «Азаттык» радиосуна жакындары билдиришти.

Укук тартибин коргоо кызматкерлери окуя болгон жерди изилдеп, сөөктү атайын экспертизадан өткөрүү үчүн алып кетишти.

Кожонова өспүрүм кызын турмушка узатып жибергенине байланыштуу 20-ноябрда шаардык милицияга жолдошу менен чогуу барып көрсөтмө берген.
(JsA)