Башкы прокуратура: Абдил Сегизбаев 92 жер тилкеси боюнча коррупция үчүн шек саналууда

Абдил Сегизбаев.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын 22-январда билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Абдил Сегизбаев Чүй облусундагы жер мыйзамдарын бузууга байланышкан коррупциялык схема боюнча шек саналууда.

Мекеменин билдирүүсүндө «Сегизбаев коррупциялык схема аркылуу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерди башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуш жүргүзгөн. Андан кийин аны кылмышын жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон» деп жазылган.

Ошондой эле УКМКнын мурдагы төрагасынын жакын туугандары «К.Сегизбаева жана Г.Кеңешова жасалма, мыйзамсыз документтер менен каза болгон, чет жакта жүргөн жарандарга үлүш катары берилген 18,46 гектарлык 92 жер тилкесин менчикке өткөрүп алган» деп айтылат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, айыл чарба багытындагы бул жерлерге салыктар төлөнбөгөнү, жайыт жерлерге уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөнү жана электр энергиясы берилгени аныкталган.

Топтолгон материалдар 20-январда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен реестрге катталып, сотко чейинки териштирүү иши башталган.

Абдил Сегизбаев өзүнө карата козголгон кылмыш иши Жазык кодексинин «Коррупция» беренесине дал келбей турганын айтты.

Дагы караңыз Сегизбаев: Мага каршы кылмыш иши козголорун күткөм (видео)

Сегизбаев УКМКны 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген.

Быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, жараянга катышкан элдин 1.46% добушун алган. (NT)

Дагы караңыз

ЮНИСЕФ: «Pfizer-BioNTech» вакцинасын сактоочу шайман сатып берүү планы жокВенгрия «Sputnik V» вакцинасын сатып алатКлара Сооронкулова БШКга каршы сотко кайрылдыБийлик инаугурацияга камына баштады