Минскиде белгисиз адам өзүнө өрт койду

Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Беларустун баш калаасы Минскидеги Эгемендик аянтында белгисиз адам өзүнө өрт койду.

Окуя Өкмөт Үйүнүн, парламенттин жана Минск мэриясынын имараты курчаган аянтта болгон. Анда белгисиз адамдын күйүп жаткан видеосу тарады. Дагы бир тасмада милиция кызматкерлери өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы расмий айтыла элек.

Минск мэриясынын басма сөз катчысы бул окуя боюнча тергөө башталганын билдирди. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги өзүнө өрт койгон адамдын денесинин 50% күйүп калганын жана оор абалда экенин билдирди.

Беларуста былтыр августтагы президенттик шайлоодон бери саясий кризис өкүм сүрүп келет. Бийлик өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кезектеги шайлоону утканын жарыяласа да, оппозиция жана бир катар өлкөлөр анын жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Ошондон бери бул өлкөдө нааразылык акциялары токтой элек.

Дагы караңыз

Клара Сооронкулова БШКга каршы сотко кайрылдыБийлик инаугурацияга камына баштады Кытай Кыргызстанга 18 мамлекеттик стипендия бөлдү Ажыкулов: Бизнести текшерүү пиар болбошу керек