Кытай 2021-2022-окуу жылында Кыргызстандын жарандары үчүн 18 мамлекеттик стипендия бөлдү.
Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 21-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура жана кытай тилин такшалтып окуу боюнча сынак жарыяланды. Мамлекеттик 18 стипендия ушул багыттар боюнча берилет.
Иш-аракет Кыргызстан менен Кытайдын тиешелүү министрликтеринин ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде жүргүзүлүп жатат.
Программага катышууну каалаган жарандар ушул шилтемеде көрсөтүлгөн документтерди тапшырса болот.
Министрликтин билдирүүсүндө, стипендиялык программанын эрежелерине ылайык, алдын-ала тандоону кыргыз тарап жүргүзөт. Ал үчүн ЖОЖдордун, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкчылыгы бар тараптардын өкүлдөрү кирген уюштуруу комиссиясы түзүлөрү айтылды. (NT)
Дагы караңыз
Коопсуздук кеңешине пандемия боюнча комиссиянын корутундусу сунушталдыМолдова: Орус тилине макам берүү Конституцияга каршы келет Сүйүнбек Касмамбетов: Инаугурацияга чет мамлекеттен коноктор чакырылбайтАжыкулов: Бизнести текшерүү пиар болбошу керекБөрүбашев: Баш мыйзамдын долбоору орус тилине которулууда