Кыргызстанда 10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап Филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды.
Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов «Азаттыкка» ырастады.
Анын айтымында, Жапаров ант берүү аземине 10 миллион сом чыгым кетирүүгө да каршы экенин билдирген. Инаугурация күнү Бишкектин жолдорун жаппай, иш-чараны жупуну кылып өткөрүү, 10 миллион сомдук чыгым сарптабоо тууралуу сунуш киргизген.
«Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу тобу аны карап чыгып, ант берүү аземин ошол сунушка жараша өткөрүү боюнча чечим кабыл алат», - деди Анаркулов.
Дагы караңыз Бийлик инаугурацияга камына баштадыБуга чейин былтыркы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон Адинай Марипова Садыр Жапаровго таянуу менен инаугурацияда ашыкча чыгым болбой турганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.
«Жапаров филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет. Андан сырткары, президент болгондон кийин баарынан МАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот», деп билдирген ал.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
Ага байланыштуу 21-январда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытовдун жарлыгы менен инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу тобу түзүлгөн.
Дагы караңыз Инаугурацияга даярдык, жабылган жолдорЖапаровдун салтанаттуу кызматка киришүүсүнө даярдык ошол эле күнү башталган. Баш калаанын борбордук көчөлөрүнүн жарым сааттай жабылганы автотыгындарды пайда кылып, коомчулуктун сынына кабылган. (NT)
Дагы караңыз
Страсбург соту 2008-жылдагы орус-грузин согушу боюнча чечим кабыл алды Мамлекеттик тил комиссиясына тилчи-окумуштуу Сыртбай Мусаев жетекчи болдуСоңку бир суткада дагы 118 кишиге коронавирус жугуп, эки адам көз жумдуКыргызстанда азык-түлүк 17% кымбаттады