Бишкекте балык кармоо боюнча мелдеш өтөт

Балыкчылар. Министрлик тараткан сүрөт.

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында 23-январда балык улоо боюнча мелдеш өткөрүлөт. Ага ондон ашык команда катышып, муз үстүндө балык кармап жарышышат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги маалымдады.

Балыкчылар арасында мелдешти Балык чарба департаменти жана Чүй-Бишкек балыкчылар коомдук бирикмеси уюштуруп жатат. Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов мындай иш-чара сергек жашоону жайылтуу жана мыйзамдуу балык улоону өнүктүрүш үчүн өткөрүлөрүн билдирди.

Балык чарба департаменти дарыялардагы осман жана форел балыктарын кармоого уруксат берет. (TSh)

Дагы караңыз

Үч депутат Конституцияны өзгөртүүнүн жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуш кылдыИнаугурацияга даярдык, жабылган жолдор