Орусиянын Чита шаарындагы аскердик сот аскердик бөлүктө сегиз кызматташын атып салган катардагы жоокер Рамил Шамсутдиновду 24,5 жылга күчөтүлгөн режимге түрмөгө кести. Буга чейин мамлекеттик айыптоо жоокерди 25 жылга соттоону суранган эле.
Ошондой эле сот каза болгондордун жакындарына 9 миллион 800 миң рубль өндүрүп берүү тууралуу өтүнүчтү да канааттандырды.
Шамсуддинов 2019-жылдын октябрында Забайкальедеги аскердик бөлүктө сегиз аскерди атып салган. Каза болгондордун ичинде эки офицер да болгон.
Рамил Шамсутдинов сот жараянында кызматташтары аны бир канча күн бою уктатпай кыйнашканын айткан. Каргашалуу окуя болгон күнү аябай уйкусу келгенин, ок аткан маалда да, кармалганда да башы маң болуп турганын билдирген.
Орусиянын Коргоо министрлиги болсо жоокер ур-токмоктун айынан ушундай кадамга барды деген дооматты жокко чыгарган. Жоокердин атасы аскер жетекчилерин «армиядагы «чоңсунган зомбулук» көрүнүшүн жашырып жатат» деп күнөөлөгөн.
Дагы караңыз
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 12% көбөйдүИрактагы жардыруудан жети киши мерт болдуПрезиденттик аппарат Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрүнүн жабылышынын себебин түшүндүрдүСот Дамир Мусакеевди үй камагына чыгарды