Жогорку Кеңеш «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоорду артка кайтарды

Жогорку Кеңештин жыйындарынын бири. 2020-жыл. Архивдик сүрөт.

Парламент 20-январдагы сессиясында Тартип бузуу жөнүндө кодекске, «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоорду кайрадан экинчи окууга жиберди. Буга депутаттардын документти чийки деп баалаганы негиз болду.

Эки мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн үчүнчү окууга киргизилген. Талкуу маалында бир катар депутаттар документте оңдоло турган жоболор көп экенин билдиришти.

Маселен, депутат Чынара Урумкалиева «кайрылман» макамын ала албай жүргөн чет өлкөлүк кыргыздардын абалына токтолуп, алардын эреже бузганы үчүн айып пулду көбөйтүү тууралуу сунушту сынга алды.

«1000 сомдун жоктугунан «кайрылман» статусун ала албай жатса, силер аларга 3000 сомдук айып пул салып жатасыңар. Андан тышкары, ал статусту алыш үчүн алар каттоого да турушу керек. Бирок эч ким аларды өз үйүнө каттатпайт экен. Тескерисинче тиешелүү мыйзамдарга ылайык өкмөт аларды каттоого тургузушу керек болчу. Андыктан мыйзам долбоорун кайрадан экинчи окууга кайтарып, айып пулдардын көлөмүн азайтуу маселесин кароо зарыл», - деди Урумкалиева.

Мыйзам долбоору жакын арада кайрадан экинчи окууда карала турганы белгилүү болду. (NT)

Дагы караңыз

Жо Байден президенттик кызматка киришүү үчүн Вашингтонго келдиКыргызстанда коронавирус жуккандар кайра көбөйдүӨзбекстанга «Pfizer/Biotech» вакцинасынан 100 миң доза алынып келет Самара Каримовага байланыштуу сот чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек