«Легендарлуу» парламенттин депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Радбек Эшмамбетов узакка созулган оорудан улам 20-январга караган түнү 72 жаш курагында каза болгонун парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Радбек Эшмамбетов кесиби боюнча инженер-гидрокуруучу болгон. Ленинград политехникалык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Кара-Көл ГЭСинде мастер болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин узак жылдар бою энергетика тармагындагы жооптуу кызматтарда, советтик, партиялык кызматтарда иштеген.
«Легендарлуу» парламенттин депутаты, өзгөчө кырдаалдар жана экология министри, өкмөт аппаратынын башчысы-министр болуп иштеген. 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратын жетектеген.
Радбек Эшмамбетов кесипкөй адис, мыкты уюштуруучу катары бааланып келген. Ал 1949-жылы 29-августта туулган.
Дагы караңыз
Өзбекстанга «Pfizer/Biotech» вакцинасынан 100 миң доза алынып келет Кыргызстанда коронавирус жуккандар кайра көбөйдүТрамп америкалыктарды жаңы өкмөттүн ийгилиги үчүн «сыйынууга» чакырдыЖо Байден президенттик кызматка киришүү үчүн Вашингтонго келди