Вице-премьер-министр: коронавирустан каза болгондор расмий сандан көп болушу мүмкүн

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева дарыканаларды текшерүүдө. 9-ноябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева пандемиядагы жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген комиссия коронавирустан каза болгон адамдардын саны расмий маалыматтан үч эсе көп экенин аныктаганын «Азаттыкка» билдирди.

«Коронавирустан каза болгон адамдардын жалпы саны азыр 1390 деп берилип жатпайбы. Чындыгында бул көрсөткүч 4 миңден ашык экенин аныктадык», - деди ал.

Сурабалдиеванын айтымында, комиссиянын бүтүмү негизинен сунуштоочу мүнөздө, ошондуктан өз ишин тиешелүү деңгээлде аткарбаган жетекчилерге чара көрүү укук коргоо органдарына сунуш кылынат.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 19-январга карата коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда илдеттен 1390 адам көз жумду. (TSh)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзамды карайтCOVID-19: Өлүм-житим расмий сандан үч эсе көпКыргызстанда ажырашкандар дагы эле көп