Жогорку Кеңеш үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзамды карайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент 20-январдагы жыйында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жазылды.

Ал мыйзам долбоорунда жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн кишини жазага тартуу сыяктуу катаалдашкан чаралар камтылган. Толук долбоор менен бул жактан таанышсаңыз болот.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарыялаган иликтөөдө үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтотулары айтылат.

2020-жылы кыргызстандык журналисттер алгач ирет өлкөдөгү фемицидди изилдешкен. Анда 54 миңден ашуун маалымат талдоого алынган. Киши колдуу болгон аялдардын көбү күйөөлөрү, өнөктөштөрү тарабынан такай зордук-зомбулукка кабылып турушкан.

2020-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 337 факты катталган. Жогорку соттун маалыматы боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 71 иш келип түшкөн. Жалпысынан 49 адам жапа чеккен. Арасында 11 жашы жете элек бала бар. (TSh)

Дагы караңыз

Сабалган, муунган, уксус ичкен келиндерКыргызстанда ажырашкандар дагы эле көпСамара Каримовага байланыштуу сот чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек