Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылы түгөйлөрдүн ажырашуусу көбөйдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Статистикага ылайык, 2020-жылы өлкөдө 39 944 түгөй баш кошкон. Ошол эле учурда 9150 түгөй расмий ажырышкан. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда 49 431 жуп никеге туруп, 10 992 ажырашуу катталган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 1000 түгөйдүн 222си ажырашып кетүүдө. Үй-бүлөнүн ыдырашы шаар жеринде көп катталат. (TSh)
Дагы караңыз
Ак-Буурага аязда чайканткан жөрөлгөЖурналист Шаиста Шатманова: Депутат Матраимов басым жасадыТоңгон көлдүн балыгы, сепилге окшош каньонЦианид чуусу: Жогорку сот мурдагы чечимдерди күчүндө калтырды