Маданият министри менен чуулуу шоуга катышкан ырчылар жолугушту

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев. 2021-жыл, 18-январь.

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эстрада ырчысы Курал Чокоев жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрлик жөнөткөн маалыматка ылайык, Кадырбеков эки ырчы менен маданият тармагын өнүктүрүү боюнча баарлашкан.

Буга чейин президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун Интернеттеги шоу-программага байланыштуу эстрада ырчысы Кайрат Примбердиевди «Эмгек сиңирген артист» наамынан ажыратуу тууралуу сунушун четке каккан. Аталган комиссия Кайрат Примбердиевди ардак наамдан ажыратууга мыйзамдуу негиз жок деген чечимге келген.

Кайрат Примбердиев «Эмгек сиңирген артист» наамын 2017-жылдын 20-ноябрында алган. Буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги дагы бир эстрада ырчысы Курал Чокоевдин «YouTube» порталындагы шоу-программасын жосунсуз жорук катары баалап, ага 2011-жылы ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жокко чыгарган. Ал эми бул шоуга конок катары катышкан Кайрат Примбердиевге төрт жыл мурда берилген ардак наамды жокко чыгаруу жөнүндө сунуш президенттик аппаратка жөнөтүлгөн.

Мекеме эки ырчыны Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо маселеси каралып жатканын жарыялаган. Министрдин мындай чечимин коомдун бир бөлүгү, маданият өкүлдөрү сындаса, дагы бир тобу колдоп жатат. Чокоев жана Примбердиев талкууга түшкөн программасын «YouTube» порталынан өчүрүп салганын айтып, элден кечирим сурашкан. (TSh)

Дагы караңыз

Алексей Навальный 30 суткага камалдыОрусиядан нидерланддык эки дипломат чыгарылатАлмазбек Атамбаевдин ден соолугу текшерилетСамара Каримова окуу жайынын мугалимдерине каршы милицияга арызданды