Москвада камактагы аспирант Азат Мифтахов алты жылга кесилди

Азат Мифтахов сот залында.

Москванын Головин соту Москва мамлекеттик университетинин аспиранты Азат Мифтаховду алты жылга эркинен ажыратты. Аны менен кошо айыпталган Елена Горбань жана Андрей Ейкин шарттуу түрдө кесилди. 27 жаштагы аспирантка бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын кеңсесине өрт коюуга аралашкан деген айып коюлган. Ал эки жылдан бери камакта болчу.

Азат Мифтахов коюлган айыпты четке кагып, «Бирдиктүү Орусия» партиясына карата терс көз карашта болсо да мыйзамсыз ишке барбаганын билдирген. Ал эми аны менен кошо айыпталган эки адам күнөөнү жарым-жартылай моюнуна алган болчу.

2018-жылдын январында белгисиз бирөөлөр «Бирдиктүү Орусия» партиясынын кеңсесинин терезесин талкалап, ичине күйүп жаткан шам ыргыткан. Партиянын кеңсесине өрт коюу боюнча кылмыш иши алгач шектүү адамдар аныкталбаганы үчүн токтотулган. Иш 2019-жылы кайра жанданып, Мифтахов кармалган. Анын адвокаты Светлана Сидоркинанын журналисттерге айтканына караганда, Мифтаховду тергөөнүн жашыруун күбөсү «анын кашынан» улам тааныган.

Азат Мифтахов абакта кыйноого кабылганын айтып даттанган, кан тамырын кыйып салууга аракеттенген. Андан бери окумуштуулар жана укук коргоочулар аспирантты бошотууну талап кылып бир нече жолу акция өткөрүп, орус бийлигине кайрылышкан болчу.