Жапыкеев Бишкек ЖЭБинде көчмө жыйын уюштурду

Финполдун төрагасы Сыймык Жапыкеев Бишкек ЖЭБинде. Сүрөт Финполго таандык. 18-январь, 2021-жыл.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Сыймык Жапыкеев бүгүн, 18-январда Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көчмө жыйын өткөрдү. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Жапыкеев ишканага абага булгоочу заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында барды. Жапыкеев менен аталган ишти иликтеп жаткан тергөө тобу да барган. Алар ЖЭБдин тиешелүү жабдууларын, чыпкаларын жана көмүрдүн сапатын текшеришти. Маалыматка ылайык, тергөө учурунда ишкананын каржылык-чарба ишмердүүлүгү, көмүр сатып алуу, абага көтөрүлгөн түтүн жана башка тийиштүү маселелердин баары иликтенет.

Финансы полициясы ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата тергөө ишин баштаганы 6-январда кабарланган. Абага булгоочу заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы Жазык кодексинин 233-беренесинде («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Буга чейин Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев Бишкек ЖЭБине Кара-Кеченин көмүрү туура келбей турганын, бул үчүн ЖЭБдин курулушун жүргүзгөндөр жоопко тартыларын 3-январда «Фейсбуктагы» баракчасына жазган. Ал ЖЭБге жагылган көмүрдүн сапаты начар экенин белгилеген.

Бишкек ЖЭБине жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектелет. Ишкананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миңи күз-кыш мезгилинде жагылат. Көмүрдүн 680 миң тоннасы Кара-Кечеден алынат.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз, айрым бөлүгү электр жарыгысыз калган.

Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер баш болгон жогорку кызмат адамдары соттолгон.

Дүйнөдөгү чоң шаарлардагы абанын сапатын аныктаган «World Air Quality» уюмунун маалыматында Бишкекте абанын булганышы 6-январда да кооптуу чектен дагы эле ашып турганы айтылды. Активисттер жана жашоочулар бийликтен экология маселесине көңүл бурууну талап кылып келе жатышат. (ZKo)

Дагы караңыз

Прокуратура Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынан 5,2 млн. сомдук коррупцияны аныктадыБатыш өлкөлөрү Кремлдин каршылашы Навальныйдын кармалышын кескин сындаштыБишкек-Исфана авиакаттамы жандандыТөкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өттү«Бир дүйнө - Кыргызстан»: БШК реформаланышы зарылМамкаттоо: Кыргызстандын жарандары үчүн былтыр 825,5 миң паспорт даярдалганБашкы прокуратура активист Бакай Кашкарбаевге кылмыш ишин козгодуКоронавирус дагы 69 адамга жукту, үч бейтап көз жумдуБалбак Түлөбаев жол кирени көтөрүш үчүн убакыт керек экенин билдирди