Кыргыз өкмөтү инвестиция жөнүндө мыйзамды өзгөрттү  

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика министрлиги инвестор тартуу жана аларга шарт түзүү үчүн «Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол коюлганын билдирди. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына жазылды.

Мыйзамдагы өзгөртүүгө ылайык, аймактарда жергиликтүү бийликтин жер бөлүп бериши жөнөкөйлөштүрүлдү. Инвестор 10 млн. доллар каражат салып өкмөт менен инвестициялык макулдашуу түзө алат. Буга чейин инвестициялык макулдашуунун босого чеги 50 млн. долларды түзчү. Ошондой эле Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттикке 10 миллион сомдон ашык инвестиция салган ишкерлерге виза алыш үчүн Тышкы иштер министрлигине арыз берүүгө укук берилди. Өзгөртүлгөн мыйзам долбоорунда ушул сыяктуу бир нече жеңилдиктер каралган.

Бул мыйзам долбоорун парламент депутаты Абдывахап Нурбаев сунуш кылып, Экономика министрлиги, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик чогуу иштеп чыккан. Мыйзам «Эркин Тоо» гезитине 2021-жылдын 5-январында жарыяланган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын алгачкы тогуз айында чет өлкөдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 398,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9% азайды. Былтыр бул аралыкта 576,8 млн. доллар инвестиция келген эле. (TSh)

Дагы караңыз

Батыш өлкөлөрү Кремлдин каршылашы Навальныйдын кармалышын кескин сындаштыЖогорку Кеңеш: «Манас» эпосу жөнүндө мыйзам экинчи окууда каралатАлексей Навальный Москвага келгенде кармалды Окуу жайдын жамааты ырчыны кабыл албай жатат«Клооп» шектүү добуштарды текшертет