Мектеп окуучулары арасында альтернативалуу олимпиада өттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги зээндүү окуучуларды таап, билимин өркүндөтүү үчүн атайын альтернативалуу олимпиаданын биринчи баскычын өткөрдү. Олимпиада 16-17-январь күндөрү болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул сынак математика, физика, химия, биология жана информатика сабактары боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстандын командасын түзүү жана даярдоо үчүн өткөрүлүп жатат.

Бул олимпиада төрт баскыч менен өткөрүлөт. Алгачкы эки баскыч январь, февраль айларында онлайн режимде болот. Жыйынтыктоочу эки баскыч март, апрель айларында өтөт. Сынактарга катышуу жөнүндө толук маалыматты бул жерден окуй аласыз.

Кыргызстанда 2265 мамлекеттик мектеп бар. Аларда 1 миллион 200 миң бала билим алат. Республикалык жалпы олимпиада жыл сайын төрт этап менен өткөрүлүп турат. Алгачкысы ноябрда, акыркысы март айында болот. Республикалык олимпиададан жеңген окуучулар жогорку окуу жайларына сынаксыз жана акысыз кабыл алынат. (TSh)

Дагы караңыз

Берлин: Алексей Навальный учакка отурдуТүркмөнстанда армияга барбаган "Жахабанын күбөсү" экинчи жолу соттолду Украинада тейлөө тармагы мамлекеттик тилге өткөрүлдү