«Клооп» басылмасы 210 шайлоо тилкесинин добуштарын жокко чыгаруу аракетин көрүүдө. Басылманын байкоочулары 10-январдагы шайлоодо 1500дөн ашуун мыйзам бузуу фактыларын катташкан.
«Клооп» Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоого жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумга көз салуу үчүн 1,5 миңден ашуун шайлоо участогуна байкоочу койгон. Алар 10-январдагы добуш берүү учурунда мыйзам бузуу, терс көрүнүштөр катталып жатканын шайлоо күнү да билдиришкен.
15-январда «Клооп» басылмасы өзүнүн сайтына шайлоонун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат жайгаштырды. Маалыматка караганда байкоочулар жалпысынан 22 мыйзам бузуу боюнча 210 шайлоо участогундагы добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат.
«1500 мыйзам бузуунун 400дөн ашууну - добуштардын купуялуулугу бузулганына байланыштуу. Мында участкалык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү добуш берүү кабинасынын жанына туруп алган же шайлоочу үчүн өздөрү бюллетенди үкөккө таштаган учурлар көп катталды. Андан кийин добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн иши үзгүлтүккө учураган 357 учуру катталган. Айрым участоктордо үкөк иштегенге чейин мурдагы айнектен жасалган үкөктөр пайдаланылды, кийин андагы бюллетендерди шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү берки үкөккө өздөрү салып коюшту. Шайлоо участогунан тышкары добуш берүүгө оорулуу, кары-картаң же ордунан жыла албаган жарандар укуктуу болсо да, айрым участоктордо алты саны аман жигиттер үйүндө туруп добуш беришкенине биздин байкоочулар күбө болуп, видеого жана сүрөткө тартып алышкан. Мындан тышкары айрым добушканаларда байкоочулардын ишине бут тосуу болду», деп жазды «Клооп» басылмасынын макаласында.
Сөз болуп жаткан редакциянын өкүлү Элвира Султанмурат кызы учурда арыз участкалык шайлоо комиссиясында каралып жатканын белгиледи.
«Биз үчүн шайлоодо кайсы талапкер жеңишке жеткени маанилүү эмес. Бизге шайлоонун таза өткөнү кызык. Биз кийинки шайлоолорго да көз салып турабыз. Учурда биздин кайрылуубуз Аймактык шайлоо комиссиясында каралып жатат. Анын жыйынтыгына жараша биз сотко да кайрылууга даярбыз».
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январда өткөн президенттик шайлоо менен референдумдагы добуштарды кол менен да эсептеп бүттү.
БШК добуш берүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу бардык арыз-дооматтар каралып бүтмөйүнчө, расмий жыйынтык чыгарылбай турганын билдирүүдө.
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мекемеге арызданган уюмдардын дооматтарынын негизинде жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоо тилкелери бар экенин айтты.
«Аймактык шайлоо комиссиялары жалгыз эле «Клооп» басылмасы эмес, жалпы кайрылууларды карап жатат. Алар чечимдерди кабыл алып, Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди өткөрүү процесси жүрүп жатат. 1-2 күндө аягына чыгат. Добуш берүүдө мыйзам бузулду деп БШКга «Жалпы иш», «Таза шайлоо» уюмдары да кайрылган. Алардын арыздары каралып, тиешелүү чечимдер чыгып жатат. Айрым участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган учурлар бар».
Добуш берүүгө байкоо жүргүзгөн ЕККУнун Байкоочулар миссиясы да бир катар мыйзам бузуу фактылары болгонун билдирген. Башка эл аралык уюмдардын байкоочулары жалпысынан шайлоо тынч, олуттуу мыйзам бузуусуз өткөнүн маалымдашкан.
Жарандык активист Руслан Акматбек шайлоодогу айрым жагдайларды эске салды.
«Бул шайлоодо мурункуларга салыштырмалуу одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Бирок административдик ресурс толук колдонулду. Анткен менен муну четке кагып жатышат. Азыркы шайлоонун эң негизги жыйынтыгы – бул Садыр Жапаровдун шайланышын эмес, шайлоочулардын өнөктүккө эң аз келгенин көйгөй катары карасак болот».
Дагы караңыз Автоматтык эсептеги добуштардын 98% саналып бүттү, кол санак улануудаПрезиденттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектеген вице-премьер-министр Максат Мамытканов "10-январдагы жараянда добуш сатуу же сатып алуу, бурмалоо болгон жок, шайлоо таза өттү" деп билдирген.
Бирок шайлоого катышкан айрым талапкерлер өнөктүк бурмалоо менен өткөнүн, мындан улам шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыгышкан эле.
Саясат талдоочу Туратбек Мадылбеков буларга токтолду.
«Майда-барат техникалык мүчүлүштүктөр болду. Аны одоно мыйзам бузуу деп айтууга болбойт. Эң башкысы бир дагы талапкер добуш сатып алуу ыкмасын колдонгон жок. Бул ыкма 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо эң жогорку көрсөткүчтө болгон. Ал эми 10-январдагы шайлоого катышкан 17 талапкердин бири да шайлоочуларга акча тараткан жок. Алар өздөрүнүн аракети менен атаандаштыгын көрсөтүп турушту».
10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өткөн. Мамлекет башчылыкка ат салышкан 17 талапкердин ичинен баштапкы маалыматтар боюнча Садыр Жапаров шайлоого катышкандардын 79,22% добушун алып, атаандаштарынан кыйла озуп кеткен.
Ал эми мамлекеттик башкаруунун «президенттик» жана «парламенттик» формалары шайлоочулардын тандоосуна коюлган. Добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну тандады.
16-январдагы расмий кабарга ылайык, кол менен эсептөөдө шайлоого жана референдумга берилген добуштардын пайызы теңелип, 39,33% түздү. Ал эми добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн берген маалыматында шайлоого добуш бергендер 39,34%, ал эми референдумга добуш бергендер 39,24% түзгөн.