БШК шайлоо жана референдумдагы добуш берүү жыйынтыгын кол менен да эсептеп бүттү

Бюллетень салынчу үкөктөр.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-январда өткөн президенттик шайлоо менен референдумдагы добуштарды кол менен да эсептеп бүттү.

16-январдагы расмий кабарга ылайык, кол менен эсептөөдө шайлоого жана референдумга берилген добуштардын пайызы теңелип, 39,33% түздү. Ал эми добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн берген маалыматында шайлоого добуш бергендер 39,34%, ал эми референдумга добуш бергендер 39,24% түзгөн.

Президенттикке ат салышкан 17 талапкердин ичинен Садыр Жапаров 79,20% добушка ээ болду.

Ал эми мамлекеттик башкаруунун «президенттик» жана «парламенттик» формалары шайлоочулардын тандоосуна коюлган. Добуш бергендердин 81% президенттик башкарууну тандады.

Ал арада «Клооп» басылмасынын байкоочулары добуш берүүдө 1500дөн ашуун мыйзам бузуу фактыларын каттаганын билдирип, учурда БШКда териштирүү жүрүүдө. (SE)

Дагы караңыз

Өзбекстандын өкмөтү калктын саны 34,5 миллиондон ашканын жарыяладыУКМК Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын кабарлады (видео)АКШда Байдендин инаугурациясынын алдында коопсуздук чарасы күчөтүлүүдөСарай жана Савай айыл өкмөттөрүнүн башчылары кызматтан алындыАк-Талаада акимди тапанча менен опузалаган жаран камалды