АКШда Байдендин инаугурациясынын алдында коопсуздук чарасы күчөтүлүүдө

Капитолий учтуу шиши бар зым менен курчалууда.

АКШда жаңы шайланган президент Жо Байдендин инаугурациясынын алдында ыктымалдуу демонстрациялардан улам коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө.

ФБР онлайн чаттардагы куралдуу каршылыкка үндөгөн чакырыктарга байланыштуу башаламандык болушу ыктымалдыгын эскертти.

Бийлик Вашингтондо 6-январда болгондой мөөнөтү аяктап бараткан президент Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийди ээлеп алгандай окуялар орун албашы үчүн коопсуздукка көңүл бурууда.

Ондон ашуун штаттын губернаторлору Улуттук гвардияны жергиликтүү укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө чакырышты. Мэриленд, Нью-Мексика жана Юта губернаторлору өзгөчө абал жарыялашты.

Адатта Вашингтондун адамдарга толуп турчу көчөлөрү ээнсиреп калганын маалымат булактары жазышты. Капитолий учтуу шиши бар зым менен оролууда. Баш калаада коопсуздукка Улуттук гвардиянын 20 миң аскери көз салмакчы.

Президенттик шайлоодо жеңип чыккан Жо Байдендин инаугурациясы 20-январда болот.

Дагы караңыз

Пакистанда жоочулар менен кагылышта үч аскер набыт болдуДүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны эки миллиондон ашты"WhatsApp" жаңыртылган купуялык саясатын ишке ашырууну кийинкиге калтырдыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди