Пакистанда жоочулар менен кагылышта үч аскер набыт болду

Пакистандын Түндүк Вазирстан аймагы.

Пакистандын Түндүк Вазирстан аймагында 14-январдагы атышууда үч аскер набыт болду.

Расмий маалыматка ылайык, салгылашта үч жоочу да жок кылынган. Алардын экөө жанкечти, бирөө бомба даярдоочу адис.

Жергиликтүү коопсуздук органдарынын кызматкерлери "Азаттыкка" кабарлагандай, окуя Даттахел деген жерде болгон.

Ооганстанга жакын Түндүк Вазирстандын Спинвам аймагында 12-январда аскердик постко чабуул жасалып, эки жоокер көз жумган, үчөө жараат алган.

Дагы караңыз

Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны эки миллиондон ашты"WhatsApp" жаңыртылган купуялык саясатын ишке ашырууну кийинкиге калтырдыКоронавирус дагы 129 адамга жукту, бир бейтап көз жумдуУКМК Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын кабарлады (видео)COVID-19: Чехтер эмдөө үчүн каттоодогу калпыстыктар үчүн өкмөттү сынга алууда