Аба ырайы: 16-январда жаан-чачын болбойт

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу райондорундагы жолдордо кар көчкү түшүп, кар күрткүсү болорун эскертүүдө. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, тайгак жолдо коопсуздукту сакташ үчүн автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш.

16-январда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6 градус болот.

16-январда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1°, күндүз 13…15° жылуу болот.

Дагы караңыз

Финпол ПЦР тесттердин жасалма жыйынтыгын даярдаган кылмыш тобун аныктадыИндонезияда жер титирөөдөн 30дан ашык адам набыт болдуТашиев: 9-октябрдан кийин Бабанов менен жолуккан эмесмин«Азаттык» менен Матраимовдордун соту 3-февралга жылдыБердымухамедов элине мыя тундурмасын ичиретМуфтият: Бир жылда имамдар 15 миңден ашык нике кыйдыБишкекте абанын булганышы кайрадан кооптуу чектен аштыCOVID-19: Франция бүткүл өлкөдө коменданттык саат киргизүүдө