Баткенде аткезчиликтен 10 млн. сомдон ашуун акча өндүрүлдү

Баткен шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы Баткенде аткезчилик менен алектенгендерден мамлекетке 10 млн. сомдон ашык каражат өндүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Жалпысынан кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз жүк ташууга жана алып кирүүгө бөгөт коюу аракеттеринин натыйжасында өткөн жыл ичинде 168 факты катталган.

Облустун жетекчиси бул боюнча атайын кеңешме өткөрүп, жыйында аткезчиликке каршы күрөшүү ишин күчөтүүнү, рейддерди жүргүзүүнү, аткезчилик кездешиши мүмкүн болгон чек ара аймактарында көзөмөлдү күчөтүүнү, аткезчилик менен алектенген жарандарды жана аларга көмөктөшкөндөрдү аныктоону, мыйзамдуу иштөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Баткен облусунда Тажикстан жана Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасынын толук такталбаганы аткезчиликтин күч алышына себеп болуп келет.

Негизинен Тажикстанга Кыргызстандан көмүр, күрүч, өрүк, мал жандык жана айыл чарба өндүрүмдөрү кетет. Ал эми Тажикстандан кайра иштетилген эт-сүт азыктары, жашылча, жер-жемиштер, тамеки кирет.
(JsA)

Дагы караңыз

Көлбаевге тиешелүү кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналган жаран кармалдыДиний баалуулуктарды камтыган партия түзүлдүЭкономиканын темпи токсонунчу жылдардагы көрсөткүчкө теңелдиЭскирген таттуулар сакталган кампа жабылдыБШК добуштарды эсептөөнү улантуудаКоронавирус 134 кишиден табылды, үч бейтап көз жумдуОтунбаева Садыр Жапаровду бардык күчтөрдүн башын бириктирүүгө чакырдыМуфтият: Бир жылда имамдар 15 миңден ашык нике кыйдыБишкекте абанын булганышы кайрадан кооптуу чектен аштыТунис эли «Араб жазын» шыктандырган элдик толкундоонун 10 жылдыгын белгиледиCOVID-19: Франция бүткүл өлкөдө коменданттык саат киргизүүдөОрусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальныйды камай турганын билдирди