Бишкекте «Адамдын эмгектен улуу тиреги жок» деген көргөзмө уюштурулууда

Абдылдажан Акматалиев.

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бүгүн, 15-январда «Адамдын эмгектен улуу тиреги жок» аттуу китеп-сүрөт көргөзмө жана чыгармачылык кече өткөнү жатат.

Саат 14.00гө белгиленген иш-чара филология илимдеринин доктору, академик Абдылдажан Акматалиевдин 65 жылдык мааракесине арналган.

Бул тууралуу Улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, китеп-сүрөт көргөзмөдө Акматалиевдин китептери, эмгектери, ал жөнүндө жазылган макалалар, гезит-журналга чыккан материалдар жана сүрөттөр коюлат.

Абдылдажан Акматалиев адабият тармагында ондогон илимий эмгектерди жараткан.

2000-2004-жылдары эки жолу илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлүгүнө шайланган. Акматалиевдин эмгектеринин басымдуу бөлүгүн Чыңгыз Айтматов жана «Манас» эпосу тууралуу изилдөөлөр түзөт.

Ал 1956-жылдын 15-январында Нарын шаарында туулган. (NT)

Дагы караңыз

Бишкекте абанын булганышы кайрадан кооптуу чектен ашты«Фейсбук» кыргыз фейктерин жок кылды | «Бүгүн Азаттыкта» (14.01.2021)Адвокат Алмазбек Атамбаев дарыланууга муктаж экенин айтууда«Фейсбук» Кыргызстандагы жүздөгөн фейк аккаунттарды жок кылды