Угандада азыркы президентке популярдуу ырчы атаандаш болуп чыкты

Уганда президенттигине негизги талапкерлердин бири Боби Вайн деген лакап ысым менен таанымал белгилүү ырчы Роберт Киагуланьи.

Угандада 14-январда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 11 талапкер катышып жатканы менен негизги жарыш бир канча жылдан бери башкарып келаткан Йовери Мусевени менен Боби Вайн деген лакап ысым менен таанымал популярдуу ырчы Роберт Киагуланьи ортосунда болору күтүлүүдө.

Африканын чыгышында жайгашкан, 46 миллион адам жашаган бул мамлекетте шайлоону утурлай Интернет өчүрүлгөн.

38 жаштагы Боби Вайн 2000-жылдары атагы таш жарган хип-хоп ырчы болчу. Аны бир кезде Уганданын чалгын кызматынын өкүлдөрү сабап кеткен соң саясатка аралашууну чечкен. Ал 2017-жылы парламентке депутат болуп шайланып, ар дайым оппозиция тарапта болуп келген. Өз үгүт иштеринде Вайн жемкорлукка каршы күрөшкө, жарандык эркиндикке басым жасап келет.

Ал эми анын негизги атаандашы, 76 жаштагы Йовери Мусевени Уганданы 1986-жылдан бери башкарып келет.

Апта башында «Фейсбук» компаниясы Маалымат министрлигине тийиштүү ондогон аккаунттарды жалган маалыматтарды таркатып жатат деген жүйө менен жаап салган. Мындан улам президент Угандада Интернетти өчүртүп салды.

Угандада бийлик эч качан тынч жол менен алмашкан эмес.