15-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз +7...+12,
Талас жергесинде түнкүсүн -6...-11, күндүз +9....+14,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз +3...+8,
Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -6...-11,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -9...-14° болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз 4…6° болот.