Айылына спорт зал салып берген мигрант

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусияда эмгектенип жүргөн мигрант айылына спорт зал салып берди. 500дөн ашуун окуучусу бар Кош-Терек орто мектебинин короосуна курулган залды айылдыктар ашар жолу менен салышты. Жеке ишкер буга чейин да айылда башталгыч класстар үчүн мектеп куруп берген эле.