"Жапаровдун өкмөтүнө реформа боюнча сунуш беребиз"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президенттик шайлоодо алдыга чыккан Садыр Жапаров кыска убакыттын ичинде соттон баштап, бардык тармактарда реформаларды ишке ашырууга тийиш. Бул тууралуу казакстандык инвестор, коомдук ишмер, "Asadel Partners" компаниясынын өнөктөшү Маргулан Сейсембай “Азаттыктагы” маегинде билдирди.
Президенттик шайлоодо алдыга чыккан Садыр Жапаров кыска убакыттын ичинде соттон баштап, бардык тармактарда реформаларды ишке ашырууга тийиш. Бул тууралуу казакстандык инвестор, коомдук ишмер, "Asadel Partners" компаниясынын өнөктөшү Маргулан Сейсембай “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Ал Грузиянын экс-президенти, учурда Украинада реформалар боюнча аткаруу комитетин жетектеп жаткан Михаил Саакашвилиге өнөктөш болуп “Жөнөкөй чечимдер кеңсеси” деп аталган долбоордун алкагында Бишкекте жаңы долбоор башталып жатканын билдирди. Сейсембай бул долбоор аркылуу жаңы бийликке бир нече сунуш даярдалып жатканын кошумчалады.