Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова суракка чакырылгандан кийин ооруканага түштү. Ал 11-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка келген.
УКМКнын басма сөз кызматы ал сурак башталганга чейин өзүн жаман сезе баштаганын билдирди. Мекеменин Аскердик медициналык кызматынын дарыгерлери абалын карап, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуш кылышкан.
Үсөнканова «Юрфа» диагностикалык борборунда текшерилип, адистер ал стационарда дарыланышы керектигин айтышкан. Ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө жаткырылды.
Адвокаты Таалайгүл Токтакунова бул маалыматты бышыктап, Үсөнканова инсульт болгонун, азыр реанимацияда экенин кабарлады. Анын айтымында, ал атайын кызматка суракка адвокатсыз барган.
УКМК 7-январда Курсан Асановдун жубайы алдамчылык боюнча шек саналып жатканын жана ага карата сотко чейинки териштирүү иши башталганын билдирген. Адвокат аны шектүү деп атоо туура эмес деген жооп кайтарган.
Асанов 6-январда КТРКда өткөн дебатта өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктары бузулуп жатканын айтып чыккан эле. Анын шайлоодогу ыйгарым укуктуу өкүлү Айгелем Нурбек кызы 8-январда тараткан билдирүүсүндө УКМКнын материалдарында талапкер Курсан Асановго каршы үгүттүн белгилери бар экенин айткан. (SE)
Башка жаңылыктарга назар салыңыз
Иран Оман кысыгында машыгуу жүргүзүүдөСооронкулова: Шайлоонун жыйынтыгын укуктук негизде талашабызЖапаров: Мыйзамсыз иш кылса бир тууганым болсо да камагылаТажикстанда 80 жаштагы карыя экстремизм үчүн жети жылга кесилдиГүлбара Калиевага байланыштуу маселени Тартип комиссиясы качан карары белгисизНавальный Москвага кайтарын кабарладыЫрчы Самара Каримова Маданият министрлигин сотто утуп алдыКурал Чокоевге 2011-жылы берилген «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси жокко чыгарылды Коронавирус дагы 92 кишиден табылды, бир бейтап көз жумдуПомпео: «Аль-Кайида» Иранда «жаңы уюгун» түзүп алдыГермания дүйнөдөгү эң ири мыйзамсыз интернеттик соода барагын ойрон кылдыКара-Кулжада белгисиз адамдын огунан эки милиция кызматкери жарадар болдуЖалал-Абадда жетим балдарга акчалай жардам берилдиАКШда Өкүлдөр Палатасы президентке импичмент жарыялоону караганы жатат