Сооронкулова: Шайлоонун жыйынтыгын укуктук негизде талашабыз

Клара Сооронкулова.

Кыргызстандын президенттик кызматына талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова 10-январдагы шайлоо жараянындагы маселелерди укуктук негизде талашып, сотко кайрылат. Бул тууралуу ал «Азаттыктагы» маегинде айтты:

«Шайлоонун жыйынтыгын моралдык жактан тааныганыбыз менен укуктук жактан көп мыйзам бузулду. Көп нерселерге Борбордук шайлоо комиссиясы көз жуумп койду. Талапкерлер көрсөтүлгөндө, катталганда мыйзамдар одоно бузулду. Ушул маселелерди көтөрө беребиз. Шайлоонун жыйынтыгы чыкканда сотко кайрылабыз, жыйынтыгын укуктук негизде талашабыз».

10-январда Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан 17 кишинин арасында Клара Сооронкулова жалгыз аял талапкер болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы расмий маалыматына караганда, ал шайлоочулардын 1% добушун алып, жетинчи орунду ээледи.

Шайлоодо Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш топтоду. Чет мамлекеттердин лидерлери аны жеңиши менен куттукташууда.

Шайлоонун эртеси Бишкекте Жапаров шайлоого өзү менен кошо ат салышкан атаандаштарынын саясий салмагын, кадыр-баркын, тажрыйбасын жогору баалай турганын айтып, аларды кызматташууга чакырган. Ошондой эле ал сөз эркиндигин коргоого убада берген. (SE)