Кыргызстанга коронавируска каршы «Pfizer» вакцинасы жөнөтүлдү

Эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы сегиз түрдүү вакцина сунушталды. Анын биринчиси - АКШда иштелип чыккан «Pfizer» дарысы Бишкекке жөнөтүлгөнүн саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев 12-январда билдирди.

Эми кыргызстандык адистер препараттарды колдонуу эрежелерине ылайык эмдөөнүн жолдорун талдап чыгышат.

««Pfizer» вакцинасы -70 градус режимде сакталышы керек. Бизде мындай шарт түзүлгөн эмес. Биз колдонулуп жүргөн эмдөө препараттардын баары баары +2...+4 режиминде сактала турган дары-дармектер болгон», - деди Үсөнбаев.

Ушундан улам Кыргызстан башка вакциналардын түрлөрүн да алар келгенде карап чыгып, өлкөдөгү шарттарга ылайыгын тандайт.

АКШ жана Европа Биримдигинин (ЕБ) курамындагы өлкөлөр калкты «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө иш-аракетин 2020-жылдын соңунда баштаган. Орусия өзү чыгарган «Спутник V» вакцинасын, Кытай да өз вакцинасын колдоно баштаган.

БУУнун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эмдөө тармагынын башчысы 7-январдагы билдирүүсүндө COVAX программасынын алкагында начар өнүгүп жаткан жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналардын алгачкы түрлөрү ушул айдын ичинде эле жеткирилерин маалымдаган.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар алгач 2020-жылдын мартында белгилүү болгон. 12-январга карата 82 495 адамга жетти. Алардын 1374ү жашоо менен кош айтышты. (SE)

Вакциналарга байланыштуу башка макала-баяндар

ДССУ: Жакыр өлкөлөргө вакцина жеткириле баштайтЕвробиримдик «Pfizer-BioNTech» компаниясынан 300 млн. кошумча вакцина алмай болдуЕвробиримдик коронавируска каршы «Moderna» вакцинасын эмдөөгө колдонотCOVID-19: Мутацияланган вирус шайды оодарды"Pfizer/BioNTech" вакцинасы Казакстанда жылдын экинчи жарымында гана колго тийетCOVID-19: Эмдөө менен бирге чектөө чаралары күчөтүлөтПандемия дүйнөнү өзгөрткөн жылДССУ «Pfizer-BioNTech» вакцинасын колдонууга уруксат берди2021: Коронавирустан кийинки экономикаОрусияда "Спутник V" вакцинасы менен улгайгандарды эмдөөгө уруксат берилдиОрусияда эмдөөдөн өткөндөр аз болуудаКоронавирус: «Британ штаммы» убайымга салуудаШвейцария Pfizer/BioNTech вакцинасын жактырган чакта, АКШ Moderna вакцинасын да кеңири колдонууга уруксат берди