«Кумтөр» компаниясынын цианид чуусуна байланыштуу cоту 19-январга жылды

Кумтөр алтын кени.

12-январда Жогорку сот «Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд» компаниясынын кассациялык арызын карап жаткан судья Абылай Мухемеджанов тараптардын жүйөлөрүн угуп, отурумду 19-январга саат төрткө жылдырды. Буга сот процессине катышып жаткан өкмөттүн өкүлү Данияр Баратовдун толук даяр эмес экендиги себеп болду.

Аталган компания доогерлердин пайдасына чыккан сот чечимдерине каршы Жогорку сотко кайрылган.

Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 10-августта Ысык-Көл облусунун тургундарынын цианид чуусуна байланыштуу доо арызын карап, «Кумтөр» алтын кен компаниясын 17 доогер кишиге 400 миң сомдон кенемте төлөөгө милдеттендирген. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Бирок «Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд» компаниясынын өкүлдөрү доогерлерге кенемтени алтын кен компаниясы эмес, өкмөт төлөп бериши керек деген жүйөнү карманып турат. Адвокаттар буга далил катары 1998-жылы аталан компания менен кыргыз өкмөтү түзгөн келишимди көрсөтүштү.

Бул иш төрт ирет Жогорку сотко барып, биринчи инстанцияга кайтарылган.

1998-жылы «Кумтөр» компаниясынын машинеси авария болуп, 1740 килограмм цианид Барскоон суусуна төгүлгөн. Доогер тарап компания сууну хлор менен тазалап, чекилик кылганын, эл хлорциан менен ууланганын айтып жүрөт. Алардын маалыматына караганда, компаниянын аракетинин айынан Ысык-Көл облусунда эки миңдей адам ууланып, эки адам каза болгон. 17 миң киши медициналык жардам алган. Облустун 29 тургуну келтирилген зыян толук төлөнгөн жок деген негизде бул ишти калыс кароо тууралуу өтүнүч менен 2005-жылы сотко кайрылган. 15 жылда алардын 12си каза болуп калгандыктан, былтыр августта сот калган 17 доогердин арызын канааттандырган. (MiK)