«Жалпы иш» коомдук фонду: Мурдагы шайлоого караганда шайлоочулар 16,57 % аз катышты

Добуштарды эсептөө учуру. 10-январь, 2021-жыл. Чүй облусу.

Кыргызстандагы «Жалпы иш» коомдук фонду 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумдун жүрүшүнө жүргүзгөн мониторингдин баштапкы жыйынтыгын жарыялады.

Уюмдун 11-январда чыгарылган тыянагында шайлоо мыйзамга ылайык өткөнү менен ага шайлоочулар аз келгени жана бир катар олуттуу эреже бузуу менен коштолгону айтылат.

Шайлоо күнү аталган коомдук фонд өлкө аймагындагы 500 добушканага көз салган. Уюмдун байкоочулары шайлоочулардын көбү тизмеде жок болгонуна байланыштуу жараянга катыша албай калганын, талапкерлердин ортосунда атаандаштыктын жоктугун, үгүткө баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн, процедуралык жана башка одоно мыйзам бузуу болгонун белгилешкен.

Байкоочулар шайлоо күнү добушканаларды ачуу жана жабуу, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жараяндарында процедура сакталбаган учурлар болгонун байкашкан.

«Жалпы иш» коомдук фондунун маалыматына караганда, 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу бул ирет шайлоочулар 16,57% аз катышты. Мурдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56,32% келген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, азыр бюллетендерди эсептөө уланууда.

12-январга карата добушканалардын 98% ашыгынан маалыматтар келип түштү. Ага ылайык, шайлоо менен референдумга шайлоочулардын 39% ашыгы гана катышты.

Автоматтык санактагы жыйынтык боюнча шайлоодо ат салышкан он жети талапкердин ичинен Садыр Жапаров - 79 % ашык добуш менен алдыга чыкты.

Мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумдун автоматтык санактагы жыйынтыгына караганда шайлоого келгендердин 81% ашыгы президенттик башкаруу ыкмасын колдоду.

Кол менен саналып жаткан бюллетендердин жыйынтыгы деле ушул көрсөткүчтөн коп айырмаланбайт. (NT)

Дагы караңыз

Байден чалгын кызматынын башчылыгына АКШнын Орусиядагы мурдагы элчисин дайындайтОштогу каракчылык үчүн өзбекстандык төрт жаран шек саналуудаКара-Суудагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалганы маалым болдуГрузияда миллиардер Иванишвили саясаттан кетерин жарыяладыКоронавирус жок деген Түркмөнстанда белгилүү композитор COVID-19дан каза болду