Грузияда миллиардер Иванишвили саясаттан кетерин жарыялады

Бидзина Иванишвили.

Грузиядагы бийликчил «Грузин кыялы» партиясынын лидери, миллиардер Бидзина Иванишвили саясаттан кете тургандыгын жарыялады. Грузиянын эң бай адамы 11-январда тараткан билдирүүсүндө «саясаттагы өз миссиясы аткарылганын» белгилеп, саясаттан биротоло кетүүнү чечкенин билдирген.

«Мен партиянын төрагалыгын тапшырып, партиянын катарынан кетүүнү чечтим», деп айтылат билдирүүдө.

Бирок грузин оппозициясынын өкүлдөрү миллиардердин бул билдирүүсүнө ишенбей турушат. Алар муну Иванишвилинин «кезектеги амалы» катар санап, ал өлкөнүн бийлигин көшөгө артында башкарууну улантат деп шектенишүүдө.

Дагы караңыз Грузия: Эки "дөөнүн" тиреши

Байлыгын «Bloomberg» басылмасы 5,7 миллиард долларга баалаган Бидзина Иванишвили 1990-жылдардын башында Орусияда бизнес кылып байыган. Ал 2012-жылы «Грузин кыялы» партиясын түзүп, ал кездеги президент Михаил Саакашвилиге каршы чыккан. Ошондон бери «Грузин кыялы» өкмөттү түзгөн негизги саясий күч болуп келет.

65 жаштагы Бидзина Иванишвили 2013-жылы партиянын төрагалыгынан кетип, бирок 2018-жылы кайра кайтып келген.