Балык кармоого чыгып, чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары көлгө чөккөн кишини издеп жаткан учуру. 11-январь, 2020-жыл. ӨКМ тараткан сүрөт.

Ысык-Көлдө балык кармаганы чыгып, чөгүп кеткен 38 жаштагы кишинин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-январда билдиргендей, куткаруучулар бир күндөн кийин табылган сөөктү туугандарына өткөрүп беришти.

Каза тапкан киши Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын тургуну. Ал шериги менен 10-январда балык кармаганы чыгып, кайыгы кырсыктагандан кийин дайынсыз болуп жаткан.

Шеригин жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

Дагы караңыз

Якутск шаарынын мэри Авксентьева кызматтан кететКонституциялык реформа, мыйзамдык талаш Ош шаарындагы мектептер 14-январдан баштап толук ишке киретЖогорку соттун судьясына карата мыйзамсыз баюу боюнча иликтөө башталды