Оштогу каракчылык үчүн өзбекстандык төрт жаран шек саналууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында телефон саткан дүкөндү тоногон деген шек менен Өзбекстандын төрт жараны кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта кармалгандар 8-январь күнү дүкөндөн жалпы суммасы 500 миң сомдук чөнтөк телефонду карактап кеткени айтылат.

«Аларга тинтүү жүргүзгөндө дүкөнгө тиешелүү телефондор, андан сырткары бүктөмө бычак, ПМ үлгүсүндөгү номуру өчүрүлгөн тапанча табылды», - деди Ош шаардык милициянын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси («Каракчылык») менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган тараптын өкүлдөрү маалымат бере элек. (DU)

Дагы караңыз

Эл аралык байкоочулардын баасы: атаандаштык жана басым Садыр Жапаров атаандаштарын чакырдыКара-Суудагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалганы маалым болдуЭлчилик: АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти болуп шайланды деп тааныйтОш шаарындагы мектептер 14-январдан баштап толук ишке кирет