Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, таланттуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, бүгүн 12-январда атайын иш-чара уюштурулат.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы эскерүү кечеси концерт менен коштолот.
Кече коронавируска байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык абалды эске алуу менен чакан форматта өткөрүлмөкчү.
Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болсо бүгүн 80 жашка толмок. Ал 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында төрөлгөн.
1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында узакка созулган оорудан каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман-Тоонун этегине коюлган.
Абдыкадыров чыгармачылык жолунда 200 ашуун обон жараткан. Ырлары классикалык чыгармалардын катарына кирип, эл арасында кеңири таанылган. (NT)
Дагы караңыз
Конституциялык реформа, мыйзамдык талаш Ош шаарындагы мектептер 14-январдан баштап толук ишке киретЖогорку соттун судьясына карата мыйзамсыз баюу боюнча иликтөө башталдыЭлчилик: АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти болуп шайланды деп тааныйтHRW: Садыр Жапаровдун алдында эл аралык милдеттенмелердин жоопкерчилиги туратСадыр Жапаров шайлоодогу атаандаштарын кызматташууга чакырды (видео)