Жогорку соттун судьясына карата мыйзамсыз баюу боюнча иликтөө башталды

Жогорку соттун имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Жогорку соттун дагы бир судьясынын үстүнөн мыйзамсыз баюу боюнча иликтөө баштады. 11-январда таратылган расмий кабарга ылайык, соттор коллегиясынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча судьясы Б.Д.С. кылмышка байланыштуу шек саналууда. Айрым маалымат булактары судьянын аты-жөнү Дилфуза Боронбаева экенин жазып жатышат.

Сот тутумунун кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо жана документтештирүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аныкталгандай, ал 20дан ашык тандалма кыймылсыз мүлк объектилерин, Ысык-Көлдүн жээгиндеги кымбат пансионаттардан батирлерди алган. Ошондой эле бир катар кымбат баалуу автоунааларга ээлик кылары, сатуу-сатып алуу келишимдерин жең ичинен бүтүрүү, мыйзамсыз алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу сыяктуу иштерге тиешеси бар экени, Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, АКШга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө кымбат саякаттарга барганы айтылууда.

Жогорку соттун басма сөз кызматы буга комментарий берип, УКМК тараткан маалымат Конституциянын 26-беренесиндеги күнөөсүздүк презумпциясын бузганын эскертти.

«Судьяга таандык мүлктүн көбү ага жана үй-бүлөсүнө тиешеси жок. Декларацияда өзү ээлик кылган мүлкү көрсөтүлгөн. Судьянын да, анын жакындарынын да Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлкү жок» деп жазат Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Андан тышкары, чет өлкөлөргө саякаттоо үчүн арзан баадагы турлар бар экендиги кошумчаланып, УКМКнын маалыматында көрсөтүлгөн айрым өлкөлөргө эс алганы эмес, жумуш сапары менен барганы маалымдалган.

Судьянын үстүнөн Жазык кодексинин 323-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталды. Тергөө органдары аны жазык жообуна тартуу максатында Соттор Кеңешинин Тартип комиссиясына сунуштама бериш үчүн Башкы прокуратурага өтүнүч беришет.

УКМК Жогорку соттун дагы бир судьясы Камил Осмоналиевди да Жазык кодексинин 323-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмышка шектүү деп, тартип комиссиясынын макулдугу менен былтыр 15-декабрда камакка алганын кабарлаган.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева коррупцияга шектелип жатканын УКМК 24-декабрда билдирген. Төрайым мындай дооматты төгүндөгөн.(SE)