Казакстанда бийликчил «Нур Отан» партиясы 71% добуш алды

Казакстандагы парламенттик шайлоо оппозициячыл активисттерди кармоо менен коштолду.

Казакстандагы парламенттик шайлоо оппозициячыл активисттерди кармоо менен коштолду. 10-январда өлкөнүн бир нече шаарында оппозициянын акцияларында ондогон киши кармалды. Ички иштер министринин орун басары Арыстангани Заппаров кармалгандардын баары бошотулганын билдирди.

Бүгүн 10-январдагы добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматына караганда, президенттик «Нур Отан» партиясы 71% жакын добуш топтоду. Бийликке жакын «Ак жол» - 11% жана Казакстан элдик партиясы - 9% добуш топтоп, парламенттен орун алат. Шайлоого бийликчил беш партия катышкан. Оппозициялык саясий күчтөр бул шайлоого бойкот жарыялап, ага катышкан жок.