Якутск шаарынын мэри Авксентьева кызматтан кетет

Сардана Авксентьева.

Орусиядагы Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева ден соолугу начарлаганына байланыштуу кызматтан кетет. Бул тууралуу Авксентьева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Саясатчы кийинки аптада ооруканага жатып, операция жасатууга даярданарын билдирди. Эми якут мэринин кызматтан кетишин шаардык кеңеш 14-январда карашы мүмкүн.

Ал өз тарапташтарын кийинки шайлоодо орун басары Евгений Григорьевди колдоого чакырды.

Сардана Авксентьева Якутиянын борбору Якутск шаарынын башчылыгына 2018-жылы шайланган. Ал бийликтеги «Бирдиктүү Орусиянын» талапкерин утуп алган. Кызматка келгенде шаар бийлигинин чыгымдарын азайтып элдин оозуна алынган. Былтыр Кремль Конституцияга сунуш кылган өзгөртүүлөргө каршы чыккан саналуу жетекчилердин бири болгон.