Арстанбап айылынын тургуну айылына спорт зал куруп берди

Ишкер куруп берген мектептин ачылышы. Арстанбап. Базар-Коргон району. 13-январь, 2020-жыл. Архивдик сүрөт.

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын тургуну, Орусияда эмгектенген мигрант Кубатбек Досматов айылына спорт зал куруп берди. Спорт зал 500дөн ашуун окуучусу бар Кош-Терек орто мектебинин короосуна курулду. Каражатты ишкер берсе,устачылыкты жалпы айыл эли колго алган.

Жеке ишкерден жергиликтүү эл спорт зал куруп берүүсүн өтүнүп, эки жыл мурун кайрылышкан. Кош-Терек орто мектеби да ашар ыкмасы менен 2005-жылы тургузулган.

Мигрант ишкер Кубатбек Досматов былтыр айылына башталгыч класстар үчүн мектеп куруп берген. (TB)

Дагы караңыз

HRW: Садыр Жапаровдун алдында эл аралык милдеттенмелердин жоопкерчилиги туратПутин Жапаровду жеңиши менен куттуктадыАла-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогулуудаЖапаров конституциялык реформа боюнча оюн билдирдиТүркия Кыргызстанды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктадыФинпол: Мамыркалиев мамлекетке 2,5 млн. сом кайтарып, үй камагына чыгарылды